Каныбек Иманалиев: "Кыргыз мамлекети Евробиримдиктин саясий колдоосуна үмүт артат"
9-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы – Европа биримдиги парламенттик кызматташтык комитетинин 10-жыйыны өттү.


9-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы – Европа биримдиги парламенттик кызматташтык комитетинин 10-жыйыны өттү.

Каныбек Иманалиев
"Европарламент
менен кызматташуу - кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын башкы приоритеттеринин бири",- деп билдирди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча
комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев 9-апрелде Европа биримдиги–Кыргыз Республикасы парламенттик кызматташтык комитетинин жыйынында.
Автор: Автандил Добулбеков
"Биз демократиялык өнүгүүдөгү парламенттик форманы курууда Евробиримдиктин саясий колдоосуна үмүт артабыз. Бүгүнкү жолугушуу ЕБ өкүлдөрүнүн парламенттик демократияны өнүктүрүүдө кыргыз өлкөсүндө жүргүзүлгөн демократиялык реформалар жана жетишилген ийгиликтер жөнүндө маалымат алуусуна, өлкөдөгү экономикалык өнүгүү, Кыргыз Республикасы жана жалпы эле Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөргө көңүл буруусуна өбөлгө түзүлдү",- деди Иманалиев.
Айта кетсек, 9-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы–Европа биримдиги парламенттик кызматташтык комитетинин 10-жыйыны өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

