super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "кримтөбөл" Азиз Батукаевдин Орусиядан алынып келинишинен үмүттөрүн үзүшкөнүн айтышты

 
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 10-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева 2014-жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берди.
Жыйында депутат Эркин Сакебаев Азиз Батукаевдин Орусиядан кыргыз жерине алынып келинишинен үмүтүн үзгөнүн айтып чыкты. "Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин кеткенине 2 жыл болуп калды. Бирок аны Орусиядан кыргыз жерине алып келүү маселеси токтоп калды. Батукаевди бошотуу боюнча чечим чыгарган Башкы прокуратуранын кызматкерлерине кандай юридикалык баа берилди?"- деп сурады Сакебаев Жолдубаевадан. 
Депутаттын суроосуна башкы прокурордун ордуна анын орун басары Людмила Усманова жооп берип, Батукаев боюнча Башкы прокуратура иш жүргүзүп жатканын айтты. "Башкы прокуратуранын жетекчилиги алмашканынан улам бардык тиешелүү каттар И.Жолдубаевага берилди. Учурда документтер менен терең таанышуу иштери жүрүп жатат. Бул маселе боюнча Орусияга расмий түрдө кайрылганбыз",- деди Усманова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: