super.kg logo

"Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сабалды” деген маалымат текшерилүүдө

 

"Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сабалды" деген маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул тууралуу милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Учурда ал маалымат такталууда. Ошондой эле иликтөө иштери жүрөт.

Айта кетсек, кечээ Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаев: “Ошто оппозиция мүчөлөрү Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда 100 чакты белгисиз жигиттер кирип келишип кол салышты. Андан соң Улуттук оппозициялык кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек КадыровдуБектур Асановду, Улукбек Маматаевди сүйрөп алып чыгып кетишкен. Учурда алардын кайда экени белгисиз болууда”,- деп билдирген эле.

Ал эми бүгүн эртең менен Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун Жалал-Абадда экени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.04.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойдого тартсан огуз олот, ылдыйга тартсан араба сынат. Кыйгачтап кеткиле.
10.04.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер сабалганы чын болсо кантип арыз жазбай жатышат.Эми бугун калптары чыгып калса кантишээр экен.
10.04.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 бала бирден тепкенде жанчылып калышмак таанып болбос болуп!кочодо 10чакты болуп журсо козго корунуп кетет Не болду экен деп!дежурный менттерибиз корушсо керек эле эгер 100го жакын болсо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: