2015-жылдын алгачкы 3 айында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 79 миллиард сомдон ашты



2015-жылдын алгачкы 3 айында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 79 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-мартына салыштырганда 7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Улуттук статистикалык комитетинде 2015-жылдын январь-мартындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында мекеменин төрагасынын орун басары Люксина Текеева билдирди. Анын айтымында, ички дүң продукцияларынын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келип, жалпы көлөмдө 50 пайызга жакынды түздү, өнөр жайдын үлүшү 22 пайыздан ашты, айыл чарбасы 9 пайызга жана курулуш 6 пайызга өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясынын көлөмү 50 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-мартына салыштырганда 20,9 пайызга көбөйдү. Бирок “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албагандагы продукциянын көлөмү бул мезгилде 2,7 пайызга азайды.


