super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү жөлөк пулдун суммасын көбөйттү

 
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгынын урматына ардагерлерге жыл сайын кошумча бир жолу берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү жогорулатылды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

2015-жылдан тарта жыл сайын кошумча бир жолу берилүүчү акчалай жөлөк пулдун суммасы төмөнкүдөй болот:

- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине - 15 000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 15 000 сом;

- Ленинград шаарында 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда шаардык ишкана, мекеме жана уюмдарда иштеген жана “Ленинградды коргоо үчүн” медалы менен сыйлангандарга жана “Блокадалык Ленинград жашоочусуна” белгиси менен сыйлангандарга - 15 000 сом;

- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, гетто жана башка күчтөп кармалган жайлардын жашы жете элек туткундары үчүн - 15 000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон аскерлердин жесирлерине - 10 000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согушта жан үрөгөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССР орден жана медалдары менен сыйлангандарга - 10 000 сом;

- Улуу Ата Мекендик согушта мыйзамсыз түрдө эмгек колонияларына жөнөтүлгөн жана кийинчерээк реабилитацияланган жактарга - 10 000 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: