Былтыр банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 112 миллиард сомдон ашкан





2014-жылдагы банктар, юридикалык жана жеке жактардын банктык эмес финансылык-насыялык уюмдары тарабынан берилген насыялардын көлөмү 112 миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Улуттук статистикалык комитетинин 2015-жылдын январь-мартындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында ишканалар жана финансы статистикасы бөлүмүнүн башчысы Венера Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, он жылдын ичинде насыялоонун көлөмүнүн өсүү тенденциясы байкалган.
“Калкты чакан насыялоонун көлөмүнүн туруктуу өсүшү белгиленди. 2014-жылы берилген чакан насыялардын көлөмү 30 миллиард сомдон ашып, 2005-жылга салыштырмалуу 9,4 пайызга көбөйдү, ал эми бул мезгилдин ичинде чакан насыя алуучулардын саны 3,1 эсе жогорулап, 457 миң адамды түздү”,- деди Мамбеталиева.




1 |