super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура: "Баткенде балдарга ийне аркылуу ВИЧ илдетин жугузууга күнөөлүүлөр жазага тартылган эмес"

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 10-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева 2014-жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалымат берди.

Депутаттар Баткен облусунда балдарга массалык түрдө ВИЧ илдетин жугузуу боюнча окуяга токтолуп, Башкы прокуратурага бул иш боюнча тергөөнү күчөтүү талабын коюшту. "Бир нече жыл мурун медициналык кызматкерлердин айынан балдарга ийне аркылуу аталган инфекция жуккан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 6 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Бирок мындан кийин ооруканаларда дагы 97 балага ВИЧ илдети жукканы маалым болгон. Буга медициналык кызматкерлердин күнөөсү бар. Ошондуктан тергөөнү күчөтүп, тез арада карап чыккыла",- дешти депутаттар

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда көзөмөлгө алынганын билдирди. "Баткен облусу боюнча медициналык кызматкерлерге карата кылмыш иши козголгон. Бирок сот отурумдары улам-улам артка жылдырыла берген. Жыйынтыгында айыпталуучулар жоопкерчиликке тартылган эмес",- деди Усманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: