super.kg logo
  Саясат  

Оппозиция өкүлү Кубанычбек Кадыров: "Бизди сабаган балдар бычактап койбосун деп качууга аргасыз болдук"

 

Оппозиция өкүлү Кубанычбек Кадыров бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына Оштогу чуулуу окуянын чоо-жайын айтып берди. Кадыров оппозиция өкүлдөрү белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалганын билдирет. 

“Биз 9-апрель күнү кечинде оппозиция өкүлү Абдылда Капаровдун үйүндө отурганбыз. Анда 11-апрелде өтүүчү элдик курултай боюнча сүйлөшүп жатканбыз. Саат кечки 9дар чамасында үйгө бир топ адам бастырып кирип бизге кол салышты. Алгач Улуттук оппозициялык кыймылдын Ош облусу боюнча координатору Төлөгөн Келдибаев менен Улукбек Маматаевди сабап киришти. “Мен ички иштер министринин орун басары болуп иштегем, силерди ким жиберди?” десем токтоп калышты да, бизди сыртка чыгарышты. Сыртта да балдар бар экен, алар да сабашты. Алардын колунда бычактары бар экенин бирөө шыбырап калды, ошондо 3 таксиге отуруп, Жалал-Абадды көздөй кеттик. Бул окуя оппозиция өкүлдөрүнүн 11-апрелде Жалал-Абадда өткөрүүчү курултайына байланыштуу”,- дейт Кадыров.  

Айта кетсек, 9-апрелде кечки саат 9 чамасында Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын айрым өкүлдөрүнүн сабалганы жарыяланган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: