Жазасын өтөп жаткан жарандын Токмоктогу Педагогикалык колледжге мыйзамсыз кабыл алынганы аныкталды
Жазасын өтөп жаткан жарандын Токмоктогу Педагогикалык колледжге мыйзамсыз кабыл алынганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын август айында аталган окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, С.А. аттуу жаранды 1-курска мыйзамсыз кабыл алышкан. Ошол учурда С.А. Бишкек шаарындагы тергөө абагында болгон. Кийин Токмок шаардык сотунун чечимине ылайык 4 жылга эркинен ажыратылган. Буга карабай С.Анын предметтик сабактарга келип жүргөнү көрсөтүлгөн. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.