Бишкектин тургундары курулуш ишканалары тарабынан бузулган жолдор курулуш бүткөндөн кийин оңдолбогонун айтышты




Бишкекте Октябрь районунун башчысы Болот Алымкулов 3-кичи райондун жашоочулары жана активисттери менен жолугушту. Анда аким алдыдагы пландары тууралуу сөз кылып, андан соң элдин суроолорун укту.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, райондун жашоочулары курулуштар боюнча нааразычылыктарын айтышты. Мисалы, курулуш жүргүзүп жаткан ишканалар жолдун асфальтын бузуп жатышат, бирок курулуш бүткөндө жолдун калыбына келтирилгени көрүнбөйт. Ошондой эле бир катар таштанды челектеринин туура эмес жайгашканы боюнча да ойлор айтылды. Андан соң Б.Алымкулов нааразычылык айтылган жайларды өз көзү менен көрүп чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.