super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева "гендердик теңчилик маселеси дайыма өкмөттүн көз алдында" деди

 
Бүгүн, 10-апрелде өкмөткө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева гендердик теңчилик маселеси өкмөттүн көзөмөлүндө экенин белгиледи.

“Гендердик теңчилик маселеси дайыма өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн алдынкы катарында турат жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынууда. Бирок алдыбызда жыныстык өзгөчөлүк жана адам укугун коргоо боюнча дискриминацияга жол бербөө боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун иш-аракетин координациялоону камсыздоо үчүн жаңы милдеттер турат",- деди вице-премьер.

Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасында 2012-2014-жылдары гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-чаралардын улуттук планын ишке ашыруу жыйынтыктары жана 2015-жылдын 2-3-мартында өткөн кыргыз мамлекетинин аялдарынын улуттук форумунун сунуштары тууралуу пикир алышышты.

Жыйынтыгында вице-премьер Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттеринин пландарын ишке ашырууга багытталган тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: