super.kg logo
  Спорт  

Комиссия башчысы: "Мушташып кеткен машыктыруучу менен жетекчи элдешип алсын деп ишти созуп жатабыз"

 
Болот Мотукеев
Руслан Маджинов
Үсөнкан Майназаров
Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров эркин күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов тарабынан сабалганына 10 күн болду. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия бул иш боюнча жыйынтык чыгара элек. Комиссияны жетектеп жаткан аталган агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев бүгүн SUPER.KG порталына төмөнкүчө ой бөлүштү: "Комиссиянын дагы 5 күн убактысы бар. Биз азырынча эки тарап элдешип алсын деп, жыйынтык чыгарбай күтүп турабыз. Эгер эки тарап андай кадамга барбаса, анда жыйынтык чыгарганга туура келет".
Кошумчалай кетсек, спортчулардын ири мелдештерге катышуусу үчүн акча бөлүп, улуттук кураманын мүчөлөрүнө жооптуу борбордун жетекчиси 31-мартта өз бөлмөсүндө эркин күрөш боюнча курамдын машыктыруучусу тарабынан сабалган. Сабалган Ү.Майназаров окуядан кийин ооруканага жатып, азыр дарыланууда. Ал эми көптөгөн спорт ишмерлери комиссиянын Руслан Маджиновду улуттук курамдын машыктыруучулугунан четтетүү боюнча чечим кабыл аларын күтүп жатат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.04.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силе элдешип алсын деп журобергиле силердида биро урсунчу ны кылат эленер же элдешем дейт беленер дакментин так кылса ушул нерсе болбойт эле
10.04.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына биздеги башаламан бардактын жеткен чеги. Эгер жонокой жаран кылган болсо 10 кундун ичинде далай канын ичип коймоксунар.
10.04.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон баарына бирдей!жаман жагы кыргызстанда эмес?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: