Укук үстөмдүгүн бекемдөөгө арналган долбоор боюнча меморандумга бир катар окутуу борборлору кол коюшту





"Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү" долбоору жөнүндөгү меморандумга КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Жогорку Соттун алдындагы Сотторду окутуу борбору, Башкы прокуратуранын Профессионал прокурор кызматкерлерди даярдоо борбору жана адвокаттарды окутуу борбору кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, меморандум билим берүү тармагындагы иш-чаралар менен демилгелерди камтыйт. Ошондой эле соттордун, прокурорлордун, мамлекеттик кызматкерлердин, адвокаттардын дареметин жогорулатуу багытын жана жалпы процесстеги окутууну расмий бекитет.
Бул меморандумга катышып жаткан уюмдардын окутуу процессин камсыз кылган курал катары эмес, келечектеги туруктуу кызматташтыктын эффективдүү жыйынтыгына кепилдик берүүгө тийиш.
Долбоор GIZ баштаган консорциум аркылуу ишке ашат жана Европалык союз каржылайт.


