super.kg logo

Ош. Окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүү максатында сынак өтүүдө

 

10-18-апрель аралыгында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин окуучуларынан түзүлгөн командалардын арасында “Жаш жол инспектору” аттуу сынак өткөрүлөт. Сынактын негизги максаты шаардагы мектептин окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү жана аны сактоого көндүрүү болуп саналат.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, “Жаш жол инспектору” сынагы алгач аймактык баскыч менен өткөрүлүп, андан жеңип чыккан командалар 21-апрелде өтө турган шаардык баскычына катышат. Ал эми шаардык баскычтан алдынкы орунду алган команда республикалык турга катышууга жолдомо алат.

Аталган сынак Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол-кайгуул бөлүмү менен биргеликте өткөрүлүп, ага шаардагы бардык мектептерден бирден команда катышат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: