super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташуу талкууланды

 
10-апрелде КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында мекеменин башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев менен Түркия Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти. 
Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү, аскердик-техникалык жардамдарды көрсөтүү, Түркиянын аскер окуу жайларынан кыргыз аскер кызматчыларын окутуу жана башка көптөгөн маселелер талкууланды. Ошондой эле тараптар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун инфратүзүмдөрүн куруу тууралуу маселени да козгошту. Жолугушуунун аягында А.Алымкожоев түрк аскер өкүлдөрүнүн башчысы, генерал Хулуси Акарага “Аскер кызматы үчүн” медалын тапшырды. Ушул эле күнү армиянын генералы Хулуси Акар КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен жолугушту. Андан тышкары дагы Түркия Республикасынын аскер окуу жайларын түрдүү учурларда окуп бүтүп келишкен офицерлер менен жолугушуу уюштурулду.

Андан соң расмий сапардын аскер өкүлдөрү 73809-аскер бөлүгүнүн базасында жайгашкан Күжүрмөн даярдоо борборунда болушуп, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жаралуу тарыхы, өнүгүүсү, келечеги, окуу борборунун объекттери менен таанышып чыгышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: