super.kg logo

Руслан Акун, режиссёр: “10 жылдын ичинде “Оскар” сыйлыгын алышым керек”

 

Турмушта ийгилик жараткан адамдар аз эмес. Биздин бүгүнкү каарман - жаш режиссёр Руслан Акун ийгилик сыры менен бөлүшөт. Руслан мырза “Бишкек, мен сени сүйөм!”, “Салам, Нью-Йорк!” көркөм тасмалары менен эл оозуна алынып турган учур.

Акун тууралуу

Туулган жылы – 1984-жыл, 30-ноябрь

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Борбордук Азиядагы Америка университетинин массалык байланыштар факультетин аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Хоббиси – Сууда сүзүү, эртең менен чуркоо, тарыхый китептерди окуу.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, учурда түрк тилин үйрөнүүдө

“7-класста окуп жатканда “Роберт менен Генри” тууралуу сценарий жазгам”

– Нарындын кулунумун. Бала кезде элпек, аябай тартиптүү болчумун дей албайм, кыздардын чачын чоюп жинине тийип, балдар менен мушташып-талашып эле чоңойдум. Нарын шаарындагы “60 жылдык” мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. 7-класста окуп жүргөндө “Роберт менен Генри” тууралуу сценарий жазганым эсимде. Ошондо сабакка таптакыр кызыкпаган, өз эрки менен жарым барак китеп окубаган классташтарым ал сценарийди катасына карабай жата калып окушар эле. Бир сөз менен айтканда, Жан Клод Ван Даммды кумир туткан кичинекей Русланда ошол кезде эле кино искусствосуна болгон эңсөө бар болчу экен. Кийин англис тилин “А” тамгасынан баштап үйрөнүп чыктым, демек, тил билүү менин максаттарыма жол ачты.

“Убагында кароолчу, короо шыпыргыч болуп иштегем”

– Мектепти бүткөн соң Бишкекке келип, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент факультетине окууга кирдим. Бирок ал жерде сабактар мага аябай кызыксыз болуп кетти. Эңсегеним баягы эле кино болчу. Анан 3-курска келгенде бала чагымдагы кыялымды орундатыш үчүн кино тартуу планынын артынан окууну таштаганга туура келди. Анан кино тармагын өздөштүрүш үчүн жакшы окуу жайдан билим алышым керек болду. 2004-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин массалык байланыштар факультетине тапшырдым. Бирок аталган университет Кыргызстандагы эң кымбат окуу жайларынын бири болгондуктан, өзүмдүн контрагымды өзүм төлөшүм үчүн ар кайсы жерде иштөөгө туура келди. Акчанын айынан ушул эле университеттин жанындагы бир ишканада кечинде кароолчу, эртең менен короо шыпыргыч болуп иштедим. Күнүгө эртең менен студенттер келгиче баягы ишкананын алдын тазалап шыпырып, сабак башталганда алар менен чогуу окууга кирип кетчүмүн. Ошентип, 2007-жылы 3-курска келгенде мүмкүнчүлүк жаралып калып, АКШдагы “Кино мектебинен” 1,5 жыл билим алууга жөнөдүм. Ал жакта деле окуп да, иштеп да тажаган жокмун, күндүз студент, кечкисин официант болуп жан багып жүрдүм. Ал жерден мен көп нерсени үйрөндүм деп айта алам.

“Мен өзүмдү чыныгы режиссёрмун деп эсептебейм”

– Менин режиссёрлук жолум 2009-жылы “Рахмат” аттуу кыска метраждуу даректүү тасма тартуу менен башталды. Учурда менин колумдан жаралган кинолордун саны 8ге жетип калды. Алардын ичинде “Бишкек, мен сени сүйөм!” тасмасы да бар. Айта кетсем, бул тасмам "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" наамын алган. Бирок ошол эле убакта кино аркылуу ийгиликке жетишип жатсам да, мен өзүмдү чыныгы режиссёрмун деп эсептебейм. Бул тармакта мен билбеген дагы да көп нерселер бар.

“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы болгон окуянын негизинде тартылды”

– Америкада окуп жүргөндө эле мигрант мекендештерибиз тууралуу кино тартууну кыялданчумун. Бирок каражат болбогону үчүн ал максатым ишке ашпай келген, мына эми убак-сааты келип, “Салам, Нью-Йорк!” көркөм тасмасын тартып, көрүүчүлөргө сунуштап жатабыз. Тасмада Кыргызстандан АКШга жумуш издеп барган жигиттин оор тагдыры чагылдырылат. Менин бул тасма менен элге жеткирейин деген максатым – кимге кандай кыйынчылык келсе дагы эч убакта жеңилбестен, тайманбастан жашоо менен алпурушуп жана эч кимге таянбастан өзүнүн жашоосун өзү куруу керек экенин көргөзгүм келген. Бул дагы жете турган ийгиликтин бир сыры деп айтар элем.

“Акча көп нерсени жеңилдетет, бирок ал өлкөдө болуп жаткан жаман нерселердин негиздөөчүсү”

– Ийгиликтеги акчанын ролу... Убагында менин деле чөнтөгүмдө коко тыйын жок болчу. Далай эле ачка жүргөн учурлар башымдан өткөн. Студент кезимде кукси жей берип, азыр андан көңүлүм калыптыр. Чынында, акча көп нерсени жеңилдетет, оңой кылат. Бирок көздөгөн максатыңа жетүү үчүн тырышып аракет кылсаң жана алган билимиң күчтүү болсо, бардыгын жеңесиң. Азыр ойлоп көрсөм, эң биринчи жумушумда жарым жыл айлык албай иштептирмин. Кийин Бишкектеги швейцариялык бир борбордо 600 сом айлык алгам. Ошондо өзүмдү ушунчалык бай сезгеним эсимде. Ал эми ийгиликтин сыры, менимче, биринчиден, билимиң күчтүү болсо, экинчиден, алдыга максат коюу керек деп ойлом. Кичинекей буюм-тайым үчүн тырышпастан, адам чоң нерсеге умтулуусу зарыл. Айтайын дегеним, адамда жигердүүлүк, чечкиндүүлүк, тайманбастык, жоопкерчилик жана өзүнө ишеним болсо, алдына койгон максатына сөзсүз жетет деп ойлойм. А эгер акчанын артынан түшүп, байлык үчүн эле жашап калса, анда ал адам өзүнө да, башкага да зыян алып келүүсү мүмкүн. Кыскасы, акча – өлкөдө болуп жаткан жаман нерселердин негиздөөчүсү.

“10 жылдын ичинде “Оскар” сыйлыгын алышым керек”

– Алдыга койгон максаттарым көп, алардын бири – жеке бизнес ачуу. Кыргызстанда бүлдүркөндүн кыямын чыгарган цех ачсамбы деп жатам. Ал эми андан да чоң максатым – 10 жыл ичинде кыргыз тилинде тасма тартып, аны менен “Оскар” сыйлыгынын “Чет тилинде тартылган эң мыкты тасма” деген наамына жетүү.

Адам саясатты мыкты билсе эле патриот болуп калбайт

– Мен өзүмдү патриотмун деп ойлойм, бирок патриоттуулук сөзсүз эле саясатты катыра билүү дегенди түшүндүрбөйт. «Патриот» деген сөз мен үчүн өзүн-өзү адал жол менен бактылуу кылган адам. Бирөөнүн ырыскысын уурдабай, балдарына жакшы тарбия берген, мамлекетке салык төлөгөн жана Кыргызстандын жарандарын иш менен камсыз кылган адамды чыныгы патриот деп эсептейм.


кошулду





Руслан Акун: "Оскар" сыйлыгына жетсем дейм"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(50)
SUPER.KG видео
25.02.2013. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик экен.
SUPER.KG видео
25.02.2013. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"бойдок" деген статусу аябай жакты гой мага...журогу бош бекен билип бере аласынарбы??:))
SUPER.KG видео
25.02.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунчалык жонокой адам экен, суйлогону, ойлонгону, ниеттери айтор баары жакты. иштерине ийгилик!!!! "Жылдыз оорусу" менен оорубай эле соо жургону кубандырат..
SUPER.KG видео
25.02.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде азыр өтө көп адамдар бар, бирөөлөрдү "бул биздин менталитетке туура келбейт, батышчыл" деген сыяктуу сөздөр менен сындап, өздөрүн элинин патриоту деп эсептешет. Руслан алардын фонунда кескин айырмаланат. Туура айтат, чыныгы патриот "элине балык кармап берген эмес, балык кармаганды үйрөткөн" адамдар.
25.02.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам Нью-йорк жогорку денгээлде тартылыптыр. Азаматсын Руслан. Талантыныз оркундой берсин.Биздин кино жаатында "прорыв" болду деп эсептейм. Кобунчо биздин кинорежиссерлор айылдагы жашоо,ала качмай, уй-булодогу уруштар чагылдырылган тасмаларды тартышчу. Уйго ушунчалык ыраазы болуп кайттым. Чон рахмат. Бизди дагы ушул сыяктуу тасмалар менен кубанта бериниз.Сизге ийгилик.
SUPER.KG видео
25.02.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздору сонун экен
SUPER.KG видео
25.02.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin jawoomdo dagy bir ulguluu adam payda boldu. Rahmat,jakwy maek boluptur. Alla taalam yraazy bolsun. Nietteriniz kabyl bolsun,Inwallah.
25.02.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты тасмалар. Алдыга
SUPER.KG видео
25.02.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красапчег да, красапчег!
SUPER.KG видео
25.02.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу озгочо экен ошол коздордун артында кандайдыр чоон сыр катылгандай, бир карасан мундуу бир карасан кусалуу бир карасан кайра жылдыздай кубанычтуу жанып калат экен. Бактылуу болунуз ишинизге ийгилик.
SUPER.KG видео
25.02.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Руслан ага, сен коп ийгиликтерди дагы жаратасын. Биз сени менен сыймыктанып журо берели!
SUPER.KG видео
25.02.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамтсыз Мекенибиздин керегине жараган Мырза болушунузга тилектешмин! Тилеген ой максатынызга жетин, Сиздей МЕКЕНИМ деген мырзалар кобойо берсин!!! Айтоор уй булоолук абалыныз кызыктырбай койгон жок.
26.02.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик тилегенине жетсин
SUPER.KG видео
26.02.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа коздору жайнайт
SUPER.KG видео
26.02.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon rahmat, kop nerseni tushundum
26.02.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасманы коруп атканда - Батыр менен чогуу жургондой эле сезилди, кошо суйунуп, кейип, ыйлап айтор ушунча берилип алыпмын, тасма буткондо ичим ачышты-сыртта баягыле жашоо кутуп турат деп(( бирок "Все начинается с мечты" ...дегендей ишенем жана умтулам
27.02.2013. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат! Коздогонун ишке ашсын! Салам НЬЮ-ЙОРКко соз жок!
27.02.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ммм... такой красавчик! Ийгилик сага
SUPER.KG видео
28.02.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз! Качандыр бир кезде сизге Мээрим эжениз стимул болсо, азыр буткул кыргыз жаштары учун сиз озунуз стимул болуп жаткандай сезилиуудо. Ийгилик!
SUPER.KG видео
02.03.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча аябай сонун суйлойт экен.Ото билимдуу корунот.
SUPER.KG видео
03.03.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоого караган коз карашы аябай терен экен! тилегинизди берсин кудай! талыкпай эмгек кылсаныз Оскар сиздикидир!
SUPER.KG видео
08.05.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктанам!!!
Азззамат!
Бирок, дагы коп - коп эмгектениш керек.
SUPER.KG видео
11.09.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Руслан сизге ийгилик каалайм
01.10.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинолору соонун мага жагат ишинизге ийгилик
17.01.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат! Коруп алыс жакта Озубуздун тагдырыбызга салыштырып коруп! Анткени Москва туура океандын ар жагы эмес.Бирок бул жерде да адал эмгек менен болгон кыйынчылыкты жене билуу керек.Тагдыр ушу экен деп.Билим алып,уйго жардам берип чон бийик максат менен чыгармачылыка багыт коюп.Аны Эне тилде Кыргыздын жузун чагылдырууга болгон аракетинди Кыргыз Эли баалайт.Келечектеги дуйно багындыруучу Кыргыздын мыкты Эне тилдеги тарбия насыл жагынан кучтуу тасмаларды жарата беришине чын дилден тилектешпиз.Алга
17.01.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
19.01.2014. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn aityp bergenderin abdan kyzyktuu eken.Akylduu adam ekensin.Men dagy Narynda oshol mektepten okup ketkem.Kiyin Germaniadagy studentter tuuralu kino da tartsan jakshy bolot ele.Studentterdin chet olkodogu jashoosun dacy bir jolu chagydyrgan.Iygilikke jetkenderi, okuusun butup ishtegenderi, turk arab, nemiske turmushka chykkandar,kyinalyp okuusun buturo ala albai kalgandar
dagy jok emes.Iygilik saga, bar bol jana dagy ozuno tatyktuu, seni syilagan kyzga uilonushuno tilekteshmin.
19.01.2014. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да абдан жакты салам нюй орк киносу соонун тартылган тиленген тилектериниз орундалсын!!!
05.02.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда сизди 10-жыл ичинде "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинен кутобуз. Азаматсыз!
19.03.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Кыргызстан!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: