15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Казакстандын өспүрүмдөр курамасына 1:0 эсебинде утулуп калышты
15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары

15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары кечээ, 9-апрелде Казакстандын өспүрүмдөр курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Шымкент шаарында өткөн оюнда жалгыз голду 11-мүнөттө Батыр Кудайбердинов киргизди. Кыргыз өлкөсүнүн өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев оюнда казак футболчулары коргонууда катуу басым кылганын айтты. Ошондой эле өз командасынын да айрым учурларда мыкты болгонун айтып, оюн башында кирген гол жыйынтыкка чоң таасир эткенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларында реванш алганга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн бул командалардын ортосунда экинчи жолдоштук беттеш орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

айтпасам былтыр биздин Улуттук Курама командабыз Казакстанга 5:1 ге утулду беле
кайакта 7:1 утулган да