Сузакта Улуттук оппозициялык кыймылдын курултайы өтүп жатат
Сузактагы “Телтору” ат майданында Улуттук оппозициялык кыймылдын курултайы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чогулган адамдардын саны 200гө жакын. Курултайга Улуттук оппозициялык кыймылдын Саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана аймактардан келишкен делегаттар катышууда. Ал жерде коомдук тартипти 20га жакын милиция кызматкери көзөмөлдөп турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

