Бишкекте "чет элдик жаранды тоногон" деп шектелип эки бала кармалды



Бишкекте "чет элдик жаранды тоногон" деп шектелип эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Пакистан Республикасынын Х.Р. аттуу жараны кайрылган. Анда ал белгисиз эки бала күч колдонуп коркутуп, уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.Улукбек жана 1991-жылы туулган Т.Берик кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Ошенткен окшойт. Же болбосо кыргыздар бироонукун алчу эмес эле.