Бишкекте Илья Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү иштери 2016-жылы аяктап, музейге айланат








Бишкек шаарынын "Пионер" сейил багында 11-апрелде ишембилик өткөрүлдү. Сейил бакка жаңы отургучтар, таштанды салуучу челектер орнотулуп, кайың, карагай көчөттөрү отургузулду. Ишембиликке коомдук ишмер Аскар Салымбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько жана коомдук активисттер катышышты.
Аскар Салымбековдун айтымында, аталган сейил бактын аймагында жайгашкан Пишпек шаарынын биринчи мэри И.Терентьевдин үйүн калыбына келтирүүнү Бишкектин эң мыкты реставратору аткарат. Аталган үй И.Терентьев атындагы үй-музей болуп, 2016-жылдын май айында тургундар үчүн эшиги ачылары белгиленди.
Ишембилик бүткөндө министр А.Максүтов "Пионер" сейил багы жарандарды кубандырган эң биринчи маданий борбор болорун айтты.


