super.kg logo
  Саясат  

Президент букмекердик кеңселер менен тотализаторлордун иштешине тыюу салды

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 13-апрелде президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Жарнак жөнүндө" мыйзамга киргизилди.

Мыйзамдын негизги максаты - кумар оюн ишине, ошондой эле кумар ишин уюштурууга жана кумар оюн жайларын (букмекердик кеңселер жана компаниялар, тотализаторлор) кармоого тыюу салуу. Мыйзам менен биринчи ирет кыргыз мамлекетинин жаш муунуна, кумар оюндарына кызыккан адамдарга адеп жана психикалык абалына негативдүү таасир кылган шарттарды түзгөн негиздер жок болот.

Мыйзам каржылык бузуулардын санын кыскартууга, республикада криминогендик жагдайды азайтууга, жашы жете элек адамдардын жана калктын социалдык жактан корголбогондордун кумар оюндарына катышуусу менен пайда болгон социалдык көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: