Жайыт департаменти. Өлкөдөгү ветеринарлар жетишсиз болгон аймактар үчүн 48 жаш ветеринар окуудан өтүп жатат
Бүгүн, 13-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Жайыт департаментинин директору Абдымалик Эгембердиев учурда ветеринарлар жетишсиз болуп жаткан аймактар үчүн 112 адам окуудан өтүп жатканын билдирди. "Алардын 48и тандалып, Чүй жана Талас облустарындагы ветеринарлар жетишсиз болгон аймактарга жөнөтүлмөкчү. Окууну чет өлкөлүк эмес, өлкөдөгү ишканалар жүргүзүшөт. 100 пайыз өзүбүздүн адистер. Окуу аяктаганда бүтүрүүчүлөр бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалышат",- деди Эгембердиев. Отурумда “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

