Депутаттар өлкөгө грант жана насыя катары берилип жаткан акчалар туура эмес жумшалып жатканын айтышты
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.
Автор: Нургазы Аматов
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк өлкөнүн жайыттарын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жалпысынан 15 миллион доллар каржы бөлөт. Анын ичинен 6,75 миллион доллары гранттык, 8,25 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат.
Депутат Майрамкүл Тиленчиева Айыл чарба жана мелиорация министрлигине бул каражатты туура пайдалануу керектигин айтты. "Ар кандай чет өлкөлүк уюмдар тарабынан өлкөгө гранттар жана насыялар берилип келет. Бирок акчанын баары кумга сиңип кеткендей сезилет, анткени эч кандай натыйжа көрүнбөй жатат. Каралып жаткан долбоор ишке ашып, каражат туура багытта жумшалышы керек",- деди Тиленчиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

