Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Ооганстандагы элчисинин маалыматы жабык эшик артында каралууда
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Ооганстандагы элчиси Авазбек Абдразаков өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатат.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, Ооганстандагы аскердик-саясий абал жалпы Орто Азияга таасир этет. "Кыргыз мамлекетинин бул өлкөдөгү элчилиги 2013-жылы ачылган. Ал кезде эч кандай ыңгайлуу шарттар жок болчу",- деди элчи.
Башкы сөзүн айткан соң комитет калган маалыматты жабык эшик артында кароо боюнча чечимге келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

