Зордук-зомбулукка учураган балдардын ата-энелери көпчүлүк убакта адистерге жана укук коргоо органдарына кайрылышпайт




Зордук-зомбулукка учураган балдардын энелери көпчүлүк убакта дарыгерлерге жана укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде маалымат жыйынында “Балдарды коргоо лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, зордукталган балдардын көбү учурунда тиешелүү дарыгер адистерине көрсөтүлгөн эмес.
“Мындай наристелердин энелери балдарына кайдыгер карашат. “Унутулуп, өзү айыгып кетет” деп ойлошот экен. Мунун кесепетинен жаш бала убагында дарыланбай, кийин ден соолуктарына залал келип жатат. Кошумчалай кетсем, балдар көбүнчө жакын туугандары жана кошуналары тарабынан зордукталат. Бейтааныш адам тарабынан зомбулукка учураган фактылар аз”,- деди адис.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.