super.kg logo

Өлкөдө Балдарды коргоо борборлорун ачуу боюнча кайрымдуулук кампаниясы башталды

 

Өлкөдө Балдарды коргоо борборлорун ачуу боюнча кайрымдуулук кампаниясы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде маалымат жыйынында “Жарандык укуктук союзу” коомдук бирикмесинин директору Гүлжан Байбетова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндөн тартып республика боюнча демөөрчүлөрдүн жана айыл өкмөттөрдүн жардамы менен жер-жерлерде Балдарды коргоо боюнча кампания башталды.

Өкмөттүн деңгээлинде жаш балдарга юридикалык, социалдык, психологиялык жактан акысыз консультация берүү мүмкүнчүлүгү азыр Бишкек, Каракол шаарларында жана Түп айылында гана бар. Жергебиздин ар бир аймагында ушундай мекемелер ачылса деген оюбуз бар. Анткени балдарга көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулук күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул маселени коомдун ар бир атуулу жапа тырмак киришип, бирге чечүү керек. Айыл өкмөттөрү турак жай бөлүп беришсе, ал эми ишкерлер каражат жагынан кол кабыш кылышса, иш алдыга жылат деп ойлобуз”,- деди Байбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: