super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жоюп салууну сунуштоодо

 

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өлкөнүн каржылык-экономикалык жагдайын талкуулоого арналган "Кыргыз Республикасынын каржы-экономикалык жаатында түзүлгөн абал" темасында ачык парламенттик угуу өтүп жатат.

Жыйында депутат Феликс Кулов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, айрым министрликтерди жоюп, алардын ордуна департамент түзүү керек.  "Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жоюп, ИИМдин курамына киргизүү туура. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эч кандай нааразычылыгыбыз жок, бирок бизде ӨКМны каржылоо Орусияныкындай эмес. Бизде тик учактарды, атайын кымбат баалуу техникаларды сатып алууга мүмкүн эмес. Убагында Бишкек-Ош унаа жолун кардан тазалоо иштерине араң каражат тапканбыз",- деди Кулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: