super.kg logo
  Спорт  

Жоокерлер спартакиадада түрдүү спорт түрлөрүнөн өз күчтөрүн сынашууда

 

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча спартакиада өткөрүүдө. Башкы штабдан кабарлашкандай, 13-16-апрель аралыгында Башкы штабдын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын түндүк жана борбордук кошуундары менен бөлүктөрүнүн курама командалары куралдардан ок атуу, гиря спорту жана аскердик көп түрдүү күрөш боюнча 73809-аскер бөлүгүнүн базасында мелдеш өткөрүшөт.   

Ага жалпысынан 112 жоокер-спортчу катышат. Жеке жана командалык таймаштын жеңүүчүлөрү кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Спартакиаданын жалпы байге фонду 40 000 сомдон ашык сумманы түзөт. 
Спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча спартакиада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдык планына ылайык жыл сайын уюштурулат жана массалык спортту жайылтуу, аскер кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, дене тарбия даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскер кызматкерлеринин спорттук чеберчиликтерин жогорулатуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана спортчулар менен болгон байланышты өнүктүрүү максаттарын көздөйт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: