super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад аэропортунун учуп-конуучу тилкесин узартууга 239 миллион сом керектиги айтылды

 
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун абалы менен таанышышты. Ош аэропортунун директору Абдинабий Алиев Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун азыркы абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Жалал-Абад аэропорту ички аба линияларынын аэропорту болуп саналат, советтик чакан Ан-24, Як-40 жана алардан ылдыйкы класстагы учактарга ылайыкталган. Учурда анын учуп-конуучу тилкеси талаптарга жооп бербейт.

Учуп-конуучу тилкени дагы 200 метрге узартуу үчүн 239 миллион сом керектелери, аэробекет жетекчилиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акча табууга жардамдашарын билдиргени айтылды. 

Депутаттар “Манас” аэропорту” Жалал-Абад шаарынын аэропортун калыбына келтирүү үчүн инвесторлорду тартууда начар иштеп жатканын белгилешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: