Ошто жылдын мыкты мугалимин аныктоого багытталган сынактын шаардык туру кызуу жүрүүдө





Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарындагы Панфилов атындагы мектепте “Жылдын мыкты мугалими-2015” сынагына катышкан мугалимдер сынак тапшырып, педагогикалык, психологиялык багытта түзүлгөн тесттик суроолорго жооп беришти. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, сынакка жалпы 36 мугалим катышып, берилген суроолорго туура жооп берген алдынкы 15 мугалим тандалып алынды. Белгиленген жобого ылайык, кийинки баскычтарда ачык сабак, тарбиялык сааттарды көрсөтүп беришип, 15 мугалимдин ичинен жетөө шаардык турга тандалат.
Аталган сынактын негизги максаты жумушуна чыгармачылык менен мамиле кылган таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү менен мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү жана коомдун аң-сезиминде мугалимдин позитивдүү образын түзүү болуп саналат. Ошондой эле педагогикалык кызматкерлердин билим берүүнүн мазмунун жаңылоодогу чыгармачыл ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдонууну жайылтуу максатын көздөйт.
“Жылдын мыкты мугалими-2015” сынагы Ош шаарында 4 баскыч менен өткөрүлүп, андан жеңүүчү аталган мугалим республикалык сынакка катышууга жолдомо алат.

