Сузакта 62 жаштагы аялды балка менен башка чаап өлтүрүп, көмүп салган жаран кармалды
Сузакта 62 жаштагы аялды балка менен башка чаап өлтүрүп, көмүп салган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-апрель күнү укук коргоо органдарына Базар-Коргон районунун 1972-жылы туулган тургуну кайрылган. Анда ал 1953-жылы туулган С.И. аттуу апасы 10-апрель күнү жумушка кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 11-апрель күнү кечинде кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган Б.А. кармалган. Ал сурак учурунда өз күнөөсүн моюнуна алып, 62 жаштагы аялды балка менен башка чаап өлтүрүп, андан соң жашы жете элек баласы экөө талаага көмүп салышканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Кээ бир маалыматтар иликтөө иштерине тоскоол болбошу үчүн жазылбайт. Түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Өлүп жатса өлдү деп жазат да
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо, сунуш, нааразычылыктар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
Жайы жанаттан болсун.