Базар-Коргондо жер көчкү коркунучунан улам 5 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Монгол айыл аймагында кечээ, 13-апрелде саат 5-6 чамасында Чарбак айылынын Улаачы чегинде, Арстанбап сайынын оң жээгинде жер көчкү жаракалары пайда болгон. Бул тууралуу 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жеринде текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Мониторинг департаментинин адиси тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, жер көчкү коркунучу бар экендиги аныкталды. Жер көчкүнүн жаракалары бар жердин узуну 390-400 метр, туурасы 70-80 метрди түзөт.
Жер көчкү коркунучу пайда болгон жерде жогорку чыңалуудагы 1 электр мамычасы жана 5 турак үй жайгашкандыктан, айыл аймак башчысы тарабынан жогорудагы турак үйлөрдүн жашоочулары жакын жайгашкан туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлүштү. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.