super.kg logo

Ноокен районунда 38 жаштагы жаранды өлтүрүп, унаасы менен кошо өрттөп жибергендер кармалышты

 

Ноокен районунда 38 жаштагы жаранды өлтүрүп, унаасы менен кошо өрттөп жибергендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Достук айыл аймагында күйгөн унаанын ичинен 1977-жылы туулган Т.Д. аттуу адамдын жансыз денеси табылганы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган С.А. жана 1980-жылы туулган Х.Ш. кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, маркум Т.Д. кылмышка шектүү С.Аны капа кылып койгон. Мындан улам С.А. балдарга акча төлөп, алгач Т.Дны сабаттырып, андан соң айылдан алыс жерде унаасы менен кошо өрттөп жиберишкен.

Учурда кылмышка катыштыгы бар делген дагы 4 бала кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: