Ошто А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата уюштурулган сынакта №27-мектептин окуучулары 1-орунду багындырышты
Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы балдардын китепканасында акын А.Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата “Өлбөстүктү жараткан өмүр” аттуу адабий-тематикалык кечеде шаардагы №27-мектептин окуучулары 1-орунду багындырышты. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, аталган кечеге Ош шаарындагы мектептерден сырткары Кара-Суу районундагы мектептин окуучулары катышып, акындын өмүрүн, чыгармачылык жолун сахналаштырып көрсөтүп, ырларынан көркөм окуу боюнча күч сынашышты.
Жеңүүчү окуучуларга аталган китепкананын Ардак грамоталары, баалуу белектери тапшырылды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.