Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолундагы чектөө алынды
Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолундагы чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап, саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна атайын буйрук чыкканга чейин унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген эле. 2015-жылдын 13-апрелинде Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын №26-буйругунун негизинде Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолундагы чектөө алынды. Унаалар үчүн жол каттамы ачык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















