super.kg logo
  Саясат  

Валерий Диль кыргыз мамлекети "Манас" Эл аралык аэропорту аркылуу транзиттик каттамдарды көбөйтүү маселесине кызыкдар экенин айтты

 

Вице-премьер-министр Валерий Диль 13-апрелде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги рыногунун башчысы, "Lufthansa Consulting" компаниясынын өнөктөшү Томас Нихаус менен жолугушту.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө жүк ташуу жана жарандык авиаташуу жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кыргыз тарап учуулардын аймагын кеңейтүү жана каттамдарды, анын ичинде "Манас" Эл аралык аэропорту аркылуу транзиттик каттамдарды көбөйтүү маселесине кызыкдар.

"Манас" Эл аралык аэропорту Европа жана Азиянын чектешкен жеринде туруп, пайдалуу географиялык абалда жайгашкан. Биздин аэропорт континенталдык учууларда мыкты транзиттик борбор боло алат. Муну эске алуу менен “Lufthansa Consulting" компаниясына биздин аба мейкиндигибизди иликтеп чыгууну сунуштайбыз",- деди Валерий Диль.

Өз кезегинде Томас Нихаус "Lufthansa Consulting" компаниясы Кыргыз Республикасы менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

“Биз эки тараптуу кызматташуунун бардык сунушталган багыттарын иликтеп жатабыз. Биз колдогу план жана ой-максаттарыбызды иш жүзүнө ашыруу жаатында бир ой-пикирге келишебиз деген ишенимдемин", - деди Томас Нихаус.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: