Башкы прокуратура Канжар Кадыралиев үй камагына чыгарылганын ырастады

Канжар Кадыралиев 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечиминин негизинде үй камагына чыгарылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына ырастады. Маалым болгондой, ошол эле күнү мамлекеттик айыптоочу шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко сунуш келтирген.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, кечээ, 13-апрелде укук коргоо органдарындагы өздүк булак Канжар Кадыралиев үй камагына чыгарылганын билдирген болчу.
28-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевди 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Uli6886

14.04.2015. 10:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин озунун козомолундо турган иштер ушундай кеч чечилсе, анда башкасы олуптурдаааааааааааааааааааааааа
kubat_1973

14.04.2015. 13:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына Эми Ыргал эжекеси уй камагына чыккан оорулуу этегине жашынган бир тууганынды бак уйдо олтуруп депутаттыкты эмне кыласын тапшыр мандатты.
samidinova84

14.04.2015. 14:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка суроту жок окшойт Канжардын,жайладымбы силерди дегенсип кулгондой болуп калыптыр.Ушуну корсом жаным кашайчуу болду.Башка карапайым адам ушундай качса,соттун чечимин сыйлабады деп качан эле сизону коздой айдамаксынар.
kalbek87

14.04.2015. 17:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо биздин пракурорлор жалан ден соолугу начарларга иш козгойбу, ооруканага барайын деп жатсале органдар басып калат байкуштарды
zamir.79

14.04.2015. 22:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эми биздеги акмакчылыктын жеткен чеги да.Болбосо жонокой жаран болгондо какталбай каны сорулбайт беле.Жанагы депутат карындашынын кадыры катуу коргоп атса керек да.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-15 10:24:03
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.