super.kg logo

“Катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы бала өз алдынча эч нерсе кыла албаганына карабай жакында ооруканадан чыгат

 

“Катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы бала өз алдынча эч нерсе кыла албайт, бирок жакында ооруканадан чыгат. Муну бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, наристе учурда өзүн жакшы сезип калганы менен, өз алдынча эч нерсе кыла албай жатат. Оозуна тамак салса жутат, бирок өз алдынча кашык кармай албайт. Ошондой эле күн сайын майыптар арабасында отуруп, таза аба жутканга чыгарылат. “Анын ооруканадан чыкчу убактысы келди. Азыр аны атасына же апасына берүү боюнча маселе каралып жатат. Андан кийин бала такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Анын абалы алдыда кандай болуп өзгөрө турганы боюнча айта албайм. Майып болуп калат деп да айтканга болбойт”,- деп кошумчалайт Т.Өмүрбеков.
Эске салсак, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ал 2 жылга жатак-абагына кесилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.04.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баланы ким карайт үй шартында? Атасы түрмөдө, энеси тентип кетсе. Жаш баланын убалына калышты. Буюрса, чуркап кетсин.
14.04.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш наристе...психолгиясы эмне болот???(((
14.04.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара бала сакайып кетсинчи.Аны куйуп бышып ким карайт эми?
14.04.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш бала айыгып эле кетсин эртерээк.А Талантбек Омурбеков деген кантип профессор болуп башкы врач болуп журот тушунбойм.Былтыр биздин кыздын боорунан алвеококту кыйратып алам деп ачып алып алалбайт экенмин деп кайра жаап койгон.
14.04.2015. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолугу чын бобоктун тагдырын талкалашты да сакайып кетсин
25.05.2015. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул баланын азыркы акыбалы кандай, ким кандай шартта карап жатат маалымат берип коесуздарбы, сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: