super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев: "Бийликтин күчү элдин ишениминде. Эгер ишенүү жок болсо, элди эч кандай күч токтото албайт"

 

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоорунун аткарылышы тууралуу маалыматы угулууда. 

Талкууда депутат Дастан Бекешев аталган долбоор боюнча 2 жолу тендер өткөрүлсө да, эч кандай натыйжа болбой жатканын айтты. "Бийликтин күчү элдин ишениминде. Эгер ишенүү жок болсо, элди эч кандай күч токтото албайт. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашышы менен жакшы өзгөрүүлөр болоруна эл ишенген. 2012-жылдан бери ишке ашпай жатат. Демек, элдин бийликке болгон үмүтү үзүлдү десек болот. Ооба, тендерлерди өткөрүүгө акча кетти, ал акчаларды кайра кайтарса болот. Бирок элдин үмүтүн жана ишенимин кайтаруу кыйын",- деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: