super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер мыйзамдуу же мыйзамсыз өткөнүн сот аныктайт"

 

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер мыйзамдуу же мыйзамсыз өткөнүн сот аныктайт",- деп билдирди ички иштер министри Мелис Турганбаев. Министр бул тууралуу  бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында "Коопсуздуу шаар" долбоорунун аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып айтты. Анын айтымында, тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгон. "Долбоордун даяр вариантын мага алып келишкенде көптөгөн күмөн ойлор жаралды. Ошондой эле тендерди өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Ошондуктан мен документке кол койгон эмесмин. Азыр комиссиянын чечими боюнча сотко доо арыз менен кайрылдык. Ушул жылдын 21-апрелинде соттук отурум өтөрү күтүлүүдө",- деди министр.

Айта кетсек, январь айынын аягында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн тендерде кыргыз-орус биргелешкен "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталган. Тендерге "Dessa International S.R.L." (Молдова), "Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd." (Кытай), "Ozone Iletişim Teknolojileri" (Түркия), "Стилсофт Бишкек" (Кыргызстан), "Anteo Worldwide" (Швейцария) компаниялары катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: