super.kg logo

Бишкекте орус тили сабагын окуткан мугалимдер сынакка катышып, жеңүүчүнү аныкташты

 

Бишкекте орус тили сабагын окуткан мугалимдер үчүн “Кыргыз мектептериндеги орус тили мугалими” сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, сынактын максаты кыргыз мектептеринде орус тили жана орус адабияты сабактарынан берген таланттуу мугалимдерди колдоо жана Орусия менен болгон маданий жана билим берүү тармактарындагы мамилени чыңдоо болуп саналат. Аталган сынактын программасы 4 этаптан турду: дил баян-эссе, тестирлөө, тажрыйба бөлүшүү, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көркөм ыр окуу.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Гүлназ Шамиева (№39-орто мектеп), 2-орунду Альбина Курманалиева (№91-орто мектеп), 3-орунду Динара Абдылдаева (№88-орто мектеп) багындырып, баалуу белектер (ноутбук, планшет, телефон) менен сыйланышты. Ошондой эле бардык катышуучуларга диплом жана орус тили боюнча дисктердин жыйнагы тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: