super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Нуркамил Мадалиев "Коопсуз шаар" долбоору боюнча Дастан Бекешевден шектенип жатканын айтты

 
Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутаттар Дастан Бекешев менен Нуркамил Мадалиевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маселе талкууланып жаткан. Депутат Мадалиев фракциялашы Бекешевдин тендерге катышкан компаниялардын бирин колдоп жатканынан шектенерин айтты. Буга нааразы болгон Бекешев: "Мен бир дагы компанияны колдогон жокмун. Менин негизги каалаганым - долбоордун тезирээк ишке ашышы",- деп жооп берди. Мадалиев: "Мен сизди түздөн-түз күнөөлөгөн жокмун. Болгону шектенип жатканымды айттым",- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: