super.kg logo

Бишкекте Ленинград блокадачыларын эскерүүгө багытталган акция старт алды

 

Бүгүн, 14-апрелде Ленинград блокадачыларынын эстелигинин алдында “Эскерүү маршруту” аттуу акциянын башталышына карата митинг-реквием болуп өттү. Мэриядан кабарлашкандай, ага Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, анын орун басары Жамал Мамытова, Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько, Ленинград блокадачылар коомунун төрайымы Анна Кутанова, Ленинград блокадачылары жана согуштун ардагерлери, №13-мектеп-лицейинин окуучулары катышышты.

Анда согуш маалында эвакуацияланган Ленинграддын тургундары жана жаш балдар үчүн кыргыз жери алар үчүн ыйык жер болуп калганы белгиленди. Ленинград блокадачыларын эскерүүгө багытталган акциянын алкагында катышуучулар Ысык-Көл облусунун шаарларында болуп, ооруктун ардагерлерине ыраазычылык билдиришет. Ошондой эле концерттик программа жана балдар үйүнө белектерди тапшыруу иштери да каралган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: