Бишкекте 50 миң сом пара алып жаткан жеринен салык инспектору кармалды
Бишкекте 50 миң сом пара алып жаткан жеринен салык инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал чакан ишканасын жоюу үчүн салык инспектору 50 миң сом сурап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nelya88

15.04.2015. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул пара алгандардын акчасы буюрат бекен,ошол кызык....Макул,кармалып тиешелуу жазасын алар,кийин коркуп калар....Ал эми жанагы чонтокчулорго(карманщик)кандай чара корсо болот??? кечээ эле маршруттук таксиден 50 000сом уурдатып ийдик!Озубуздун акчабыз болсо бир жон,ишкананыкы болчу... Мейли,акча табылаар деп койолу,бирок жанагы алган балдар жазасы жок кала бергенине куйосун да!Эртен эле дагы канчалаган адамдарды ыйлатат!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.