Эмилбек Таштаналиев Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору болуп дайындалды
Эмилбек Таштаналиев Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 14-апрелде кол койгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Э.Таштаналиев 2014-жылдын 18-июнунда Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик көзөмөл жана тоннель кызматы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Башкармалык кийинчерээк департамент болуп өзгөртүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

