super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өкмөтү менен Катардын ортосундагы кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде “2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин ортосундагы кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 12-мартында кабыл алган. 

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Катар тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы тууралуу кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: