super.kg logo

Бишкектеги Күрөңкеев көчөсүндө 150 чарчы метр жол тургундун демилгеси менен оңдолууда

 
Бишкектин Күрөңкеев көчөсүнүн оюлган жерлери шаар тургуну тарабынан каржыланып, оңдоло баштады. SUPER.KG порталы быйылкы кыштын соңку күндөрүндө "Таштанды менен жолдун оюлганы даана байкалган Мураталы Күрөңкеев атындагы көчө" деген аталыштагы фоторепортажын берген. Учурда минтип муниципалитеттин ордуна колунда бар жаран атайын адистерди жалдап бузулган жолду оңдоп, элдин сообуна калып жаткан учуру. Өзүн Валерий деп тааныштырган жол оңдогон жеке ишкананын жетекчиси Күрөңкеев көчөсүнүн 150 чарчы метрин оңдошорун билдирди. Ошондой эле ар бир чарчы метр 1000 сомдон турарын дагы баса белгиледи. Жол оңдоо иштери Күрөңкеев көчөсүнүн Эркиндик көчөсү менен кесилишкен аймагынан башталып, Абдрахманов көчөсүн карай оңдолуп жатат.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: