super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин "Дүйнөдөгү эң таасирдүү адам" деп табылды

 
Орусиянын президенти Владимир Путин абройлуу "Тайм" журналынын тандоосу боюнча эң таасирдүү 100 адамдын тизмесинде окурмандардын добуштары менен биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, бул 1999-жылдан тарта жыл сайын жарыяланып турган рейтингге дүйнөдөгү кырдаалга зор таасир эткен адамдар кирет. "Путин добуштардын 6,95 пайызын алды. Добуштардын 6,9 пайызын топтоп, экинчи орунду түштүк кореялык ырчы айым Ли Че Рин ээледи. Үчүнчү орунда дагы бир ырчы айым Леди Гага (2,6 пайыз) жайгашты.
Ал эми саясий жана коомдук ишмерлердин арасынан Далай Лама - 1,7 пайыз, Рим Папасы Франциск - 1,5 пайыз, Барак Обама 1,4 пайыз топтоду",- деп билдиришет басылмалар.
Айта кетсек, былтыр да аталган журналдын окурмандары В.Путинди "Жылдын адамы" деп табышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: