super.kg logo

Март айында “Түндүк электр” ишканасынын кардарларынын дебитордук карызы 13 пайызга азайды

 

2015-жылдын 1-апрелине карата “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун кардарларынын электр энергиясы үчүн болгон карызы 698,5 миллион сомду түздү. Марттын башындагы көрсөткүч менен салыштырмалуу ишкананын кызматкерлери дебитордук карызды 104,5 миллион сомго кыскартышты (же болбосо 13 пайызга). Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дебитордук карыз айыл чарба колдонуучуларында 19,8 пайызга, калктын карызы 13,9 пайызга азайтылды. Калган колдонуучулар карызын 13,6 пайызга кыскартышты. Дебитордук карыздын төмөндөшү бюджеттик уюмдарда да катталды (10,1 пайыз). Өндүрүш абоненттери дагы карыздарын 10,1 пайызга төмөндөтүшкөн. “Түндүк электр” ишканасы тейлеген аймактарда март айы боюнча Чүй облусундагы жана борбор калаадагы керектөөчүлөрдүн аласа карыздары төмөндөдү. Бишкек боюнча бул көрсөткүч 81,6 миллион сомду (26,4 пайыз), жалпы Чүй облусу боюнча 27,7 миллион сомду (7,3 пайыз) түзөт. Талас облусунда аласа карыздын 4,8 миллион сомго (4,2 пайыз) өсүшү катталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: