Жогорку Кеңештин депутаттары Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышышты
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары бүгүн, 14-апрелде Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун Жалал-Абад – Казарман жол тилкесиндеги иштин жүрүшү менен таанышышты.
“Жалал-Абад – Казарман жол тилкесинин узундугу 142 чакырымга жетери белгилүү болду. Жол II техникалык категорияда үч этапта курулат. Ал эми тоннель курулушу каралып жаткан Казарман - Арал тилкеси аркылуу трассанын өтүшү түндүк багытка кыйла кыска жол катнашын камсыз кылат",- деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.
Депутаттар стратегиялык маанидеги бул жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

